Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 120

Бишкек, "Саясат.kg". Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.

Ирандын бийлиги 3-январда Керман шаарында болгон теракттарга байланыштуу 35 киши камакка алынганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү Tasnim агенттиги өлкөнүн Чалгындоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Министрлик эки жанкечтинин бири 19-декабрда Иранга мыйзамсыз кирген тажик жараны экени аныкталганын билдирди.

Мекеме экинчи жанкечти тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк жарыялана турганын белгилеп, шектүүлөрдү колго түшүрүү иштери Ирандын бир катар провинцияларында жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө иран генералы Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болгон.

Расмий Тегеран 84 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы 284 адам жараат алганын билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.

4-январда бул жардыруулар үчүн "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчиликти өзүнө алган.