Бишкек, "Саясат.kg". Эми мыйзамга аны демилгелеген президент Юн Сок Ёль кол коюшу керек.
Түштүк Кореянын парламенти иттерди этин жеш үчүн багууга тыюу салган мыйзамды колдоду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, документти 208 депутат колдоп, эки эл өкүлү добуш берген жок.
Эми мыйзамга аны демилгелеген президент Юн Сок Ёль кол коюшу керек.
Бул мыйзамды бузгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылып, 23 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөшү мүмкүн. Ошол эле маалда мыйзамда иттин этин жегендер үчүн жаза каралган эмес.
Ит баккан фермалар менен ресторандардын ээлерине бул бизнесин жабууга же ишмердүүлүгүн алмаштырууга үч жылдык мөөнөт берилет.
Түштүк Корея бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1 100гө жакын ит фермасы бар жана аларда жарым миллиондон ашык ит багылууда. Буга чейин фермерлер мыйзамга каршы болуп, ал кабыл алынса 1 миллионго жакын киши ишсиз каларын билдиришкен.
CNN телеканалы белгилегендей, акыркы жылдары Түштүк Кореяда иттин этин жегендер азаюуда. Gallup Korea'нын 2022-жылдагы сурамжылоосуна катышкан жарандардын 8% гана иттин этин жей турганын айтышкан. 2015-жылы бул көрсөткүч 27% түзгөн. Суроо-талаптын азайышынан улам 2005-жылдан 2014-жылга чейин Сеулда иттин эти берилген ресторандардын саны 40% азайган.