Бишкек, "Саясат.kg". Жапониянын бийлиги өлкөнүн батыш жээктеринде цунами коркунучун жарыялаган.
Жапонияда 1-январда катталган катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 57 кишиге жетти. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып кабарлады.
Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Исикава префектурасындагы Ното жарым аралында жана Жапониянын борбордук бөлүгү менен чектешкен райондордо 1-январда катталган. Бир нече жолку силкинүүдөн улам аймакта миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары жана кайыктар талкаланды.
Жапониянын бийлиги өлкөнүн батыш жээктеринде цунами коркунучун жарыялаган. Бирок 2-январда ал чечим жокко чыгарылды.
Жер титирөөнүн кесепеттери Орусиянын Сахалин аралында да күтүлүп жатканы жана деңиз жээгиндеги аймактардын тургундары эвакуациялана башталганы кабарланган.