Бишкек, "Саясат.kg". Рахмон өз сөзүндө Тажикстандагы электр энергиясына болгон баалар дүйнөдөгү эң арзан баалардын бири экенин белгиледи.
Тажикстанда "кааласак да, каалабасак да электр энергиясынын баасы жогорулайт". Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон тажик парламентине жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Электр энергиясына болгон Тажикстандагы азыркы баалар энергетика тармагында иштеген жумушчулардын айлыгына да жетпейт. Тарифтер төмөн болгондуктан "Барки точик" энергохолдинги банкрот болууга жакындап калды. Анан да Рогун ГЭСин кайсы каражатка курабыз? Убакыттын өтүшү менен кааласак да, каалабасак да электр энергиясы үчүн бааларды жогорулатабыз", – деди Рахмон.
Учурда Тажикстандын жашоочулары 1 Кв/саат электр энергиясы үчүн 26,51 дирамдан төлөшөт. Өкмөттүн 29-ноябрдагы чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө Кв/сааттын баасы калк үчүн 30,75 дирамга чейин көтөрүлөт.
Рахмон өз сөзүндө Тажикстандагы электр энергиясына болгон баалар дүйнөдөгү эң арзан баалардын бири экенин белгиледи. Бирок эксперттер башка өлкөлөргө салыштырмалуу Тажикстанда калктын кирешеси да ошончолук төмөн экенин айтып келишет.