Бишкек, "Саясат.kg". Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Казакстанда кош бийлик жок экенин айтты.
Бул тууралуу Кошанов Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканына комментарий берип жатып билдирди.
"Тынчсызданууга эч кандай негизи жок. Кош бийлик бүгүн жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө бардык чечимдерди көпчүлүк добуш менен шайланган мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кабыл алат", - деди Кошанов.
Кошановдун айтымында, мурдагы президент мамлекеттик маселелерге кийлигишпейт. Ал иш-чараларды, жолугушууларды жеке адам катары өткөрүүдө.
Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында кызматтан кетип, Касым-Жомарт Токаевди мураскер кылып дайындаган. Бирок 2022-жылдын январь айына чейин айрым маанилүү кызматтарды, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы макамын сактап калган. Мурдагы президент жана анын мураскору кош бийлик бар экенин четке кагып келишкен.
Ай башында мурдагы президент Назарбаев “Астана клубунун” жыйынына төрагалык кылып, Москвада Владимир Путин менен жолугушкан.