Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 161

Бишкек, "Саясат.kg". Жыл башынан бери 25 жаңы учак алынып келинип, 17 каттам ачылды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Транспорт министрлигине кеминде 1 200 автобус сатып алып, каттамдарга чыгарууну тапшырды.

Коңшу Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанга автобус каттамдарынын саны да эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Шерзод Асадов билдирди.

Өзбекстанда транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жарымы автотранспортко туура келет. Быйыл 1,5 миңге жакын автобус алынып келингени менен кызмат көрсөтүүдөгү өсүш 5,5 пайыздан ашкан эмес.

Авиациялык кызматтар рыногунда да атаандаштык пайда болуп, алты жеке компания иштей баштады. Жыл башынан бери 25 жаңы учак алынып келинип, 17 каттам ачылды.

Жалпысынан тармакта кызмат көрсөтүү 7,7 пайызга гана өскөн. Өзбекстандын Транспорт министрлигине келерки жылы авиаташуунун көлөмүн 20 пайызга көбөйтүү тапшырмасы берилди. Натыйжада ички аба каттамдары көбөйтүлөт. Кеминде жетип учак алынып, дагы үч эл аралык каттам ачылат.

Тарифтер кайра каралып, темир жол транспорт тармагындагы ашыкча жеңилдиктер алынып салынганы кабарланды. Ылдам жүрүүчү алты поезд жана шаар аралык 30 электропоезд алынып келинет.