Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 76

Бишкек, "Саясат.kg". Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Өзбекстандын Наманган облусунда жубайлар жана алардын эки кызы иске ууланып каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 16-декабрга караган түнү болгон. Каза болгон үй ээси 48, жубайы 40, кыздары 19 жана 14 жашта болгон.

Болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө үй-бүлө үйдү жылытуу үчүн ашканадагы газ плитасын желим түтүк аркылуу "иран мешине" туташтырганы аныкталган.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Расмий статистика боюнча, Өзбекстанда жыл сайын жүздөгөн киши иске ууланып каза болот.

Быйыл 21-ноябрда Кокон шаарында жубайлар иске ууланып каза тапканы белгилүү болгон. Ага чейин 25-октябрда Самарканд облусунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү иске ууланып көз жумганы кабарланган.