Бишкек, "Саясат.kg". Арадан 24 саат өтпөй кылмыш иши козголгон.
Тергөө комитетинин Москва башкармалыгы рэперлер Шерафгун Шарипов (Sheraph'gun) менен Ислам Закировго (Рецидив) улут аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Шарипов рэп-баттл учурунда "бул эмне деген чач" жана "баш терисин сыйрып алганга каршы эмесмин" деген саптарды окуп берген. Бул 2023-жылдын июль айында Электросталь шаарында болгон окуяны эске салган: белгисиз бирөөлөр 19 жаштагы жигиттин жашыл түстөгү чач жасалгасынан улам баш терисин сыйрып салышкан. Закиров болсо "кош бойлуу орусту" уруп жатканы жана "бул алдын ала сокку" экени жөнүндө саптарды окуп берген.
Рэперлердин аткаруусу 15-декабрда Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы чыккан "Многонационал" Телеграм каналында пайда болгон. Анын авторлору Тергөө комитетине кайрылуу жасашкан. Андан кийин видеону бийликчил Readovka каналы жарыялаган. Арадан 24 саат өтпөй кылмыш иши козголгон.
Мындан кийин 17 жаштагы Закиров кармалып, Ички иштер министрлиги анын кечирим сураган видеосун жарыялады.
"26-ноябрдагы рэп-баттлда мен орус улутун кемсинттим. Бул үчүн өкүнөм жана бардык орус элинен, бардык орус аялдарынан чын жүрөктөн кечирим сурайм", - деген ал.
Тергөө комитети эки рэпер Москва шаарынын аймагында жашаган борбор азиялыктар экенин билдирди. "Новая газета Eвропа" басылмасы Шарипов Тажикстанда, Закиров Кыргызстанда туулган деп жазды.
Sheraph'gun менен Рецидив ВКонтактедеги баракчаларын өчүрүп, Инстаграмдагы профилдерин да жапты. Рэперлер үчүн таймаштарды уюштурган BRP BATTLE ишмердүүлүгүн белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялады.