Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 429

Бишкек, "Саясат.kg". Депутаттардын пикиринде, мындай чара төрөттүн көбөйүшүнө шарт түзөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасына жеке клиникаларда аборт жасоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү. Демилге Нижний Новгород Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына таандык.

Депутаттардын пикиринде, мындай чара төрөттүн көбөйүшүнө шарт түзөт. Документ Мамдуманын сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун авторлору жаш муун «билим, кесип, материалдык байлыкка ээ болгуча» балалуу болууну кийинкиге калтырып жатканын жоопкерсиздик катары эсептеп, жеке клиникаларда операция жасоонун шарттарын да сынга алышкан.

«Жеке менчик медициналык мекемелерде «жымжырттык жумалыгы» өткөрүлбөй, аялдарга психологдун, юристтин кеңеши, социалдык колдоо чаралары тууралуу маалымат берилбейт», - деп белгилешкен депутаттар.

Акыркы мезгилде аборт жасатуу мүмкүнчүлүгүн чектөө идеяларын Орусиянын аймактык жана федералдык бийлиги кеңири талкуулоодо. Жакында эле Мордовия менен Тверь облусунда аборт үчүн айып пул киргизилген. Буга чейин Татарстан, Курск, Челябинск облустарындагы жана аннексияланган Крымдагы жеке клиникалар аборт жасоодон баш тартышкан.

Медицина жана демография тармагындагы адистер абортту чектөө төрөттүн көбөйүшүнө алып келбейт, тескерисинче, тымызын бойдон алдыруунун, аялдар менен ымыркайлардын өлүмүнүн жогорулашына алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Алардын пикиринде, төрттү көбөтүү үчүн балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүп, жашоо деңгээлин көтөрүү зарыл.