Бишкек, "Саясат.kg". Адамдар негизинен жарылуудан улам күбүлүп түшкөн терезе айнектеринин сыныктарынан жараат алышкан.
13-декабрга караган түнү орус аскерлери Киевди ракеталар менен аткылап, жыйынтыгында 51 киши жаракат алып, 18и ооруканага жеткирилди. Арасында алты бала бар. Бул тууралуу шаардын аскердик жана жарандык администрациясы билдирди.
"Адамдар негизинен жарылуудан улам күбүлүп түшкөн терезе айнектеринин сыныктарынан жараат алышкан. Аба айгайы бир нече жолку жарылуудан кийин гана жарыяланды", – деп жазды "Украинская правда" басылмасы.
Маалыматка караганда, орус аскерлери шаарга болжол менен "Искандер" баллистикалык ракеталары менен аткылаган. Алардын баарын Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн. Айрымдарынын сыныктары Киевдин сол жээк бөлүгүнө, Дарницкий жана Днепровск райондоруна түшүп, бери дегенде эле үч жерде өрт чыкты.
Киевдин мэри Виталий Кличко Дарницкий районунда менчик үй жабыркап, өрт тутанганын, үйдөгү 15 киши, анын ичинде төрт бала эвакуацияланганын билдирди. Мындан тышкары Деснянский районунда тогуз кабат үйдүн жетинчи кабатында өрт тутанып, сегиз автоунаа зыянга учурады. Ошондой эле Днепровский районунда балдар ооруканасы талкаланды. Учурда бул жерлерде куткаруу кызматтары иштеп жатышат.
Украин Куралдуу күчтөрү шаршембинин таңында Киевди көздөй кое берилген 10 баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди. "Ракеталардын кандай түрү экени алардын сыныктарын тиешелүү кызматтар изилдеп чыккандан кийин белгилүү болот", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү кабарлагандай, орус армиясы мындан тышкары Украинага 10 учкучсуз учак менен да чабуул жасап, алардын баары Одесса облусунда атып түшүрүлдү.