Бишкек, "Саясат.kg". Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан соң аскер комиссариаттарына өткөрүлүп берилген.
Орусиянын жарандыгын жакында эле алган башка өлкөлөрдүн 350дөн ашуун жараны армияга кызмат өтөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Baza Telegram каналы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Соңку убакта Москванын жанындагы курулуштарда жана ишканалардын кеңселеринде жарандык алып, бирок аскердик каттоого турбаган жарандарды издөө үчүн полиция кызматкерлери, аскер комиссариаттары жана Тергөө комитети жапырт «рейддерди» жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан соң аскер комиссариаттарына өткөрүлүп берилген.
Орус бийлиги жарандык алган мигранттарды Украинадагы согушка катышууга жигердүү түрдө тартуу аракетин көрүүдө. Аларды кармоо Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Санкт-Петербургда жана Москвада болгон. Мигранттарды мечиттерде да кармашып, аскердик каттоого алышып, аскерде кызмат өтөөнү сунушташып, баш тарткандарды коркутушууда.
Өз кезегинде Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин согушка катышууну каалабагандарды жарандыктан ажыратууну сунуштаган. Ушундай эле чакырыктарды бир катар саясатчылар да жасап келет.