Бишкек, "Саясат.kg". Мурдараак прокурор Хайдаровду тогуз жарым жылга кесүүнү өтүнгөн.
Өзбекстандын Фергана райондук соту социалдык тармактарда сынчыл сөздөрү менен таанымал блогер Олимжон Хайдаровду жалпы режимдеги колонияга 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу кабарлады.
Хайдаров “ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу”, “жалаа жабуу” жана “бийлик өкүлүн кемсинтүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот блогерге таандык социалдык тармактардагы бардык каналдарды, баракчаларды жана топторду жабуу жөнүндө токтом чыгарды.
Мурдараак прокурор Хайдаровду тогуз жарым жылга кесүүнү өтүнгөн.
Тергөөнүн версиясына караганда, блогер “Коканд Истиклол” соода жайынын жетекчилигин сындаган материал даярдап, кийин аны жарыялабоо үчүн 10 миң доллар сураган. Тергөөчүлөр билдиргендей, Хайдаров 7,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.
Хайдаровдун адвокаттарынын бири “Озодлик” радиосуна блогерге коюлган айыптардын баары “негизсиз” экенин жана тергөөдө айыптардын бири да тастыкталбаганын, ал кесиптик ишине байланыштуу соттолгонун айтты.
Олимжон Хайдаров буга чейин социалдык тармактардагы кайрылууларында өзүн “саясий туткун” деп атаган. Ал ири коррупциялык схемаларды ачыктаганы үчүн камалганын айтууда.
Демократияга, саясий эркиндикке жана адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн Freedom House уюму 2022-жыл үчүн түзгөн интернет эркиндиги боюнча рейтингинде Өзбекстанды "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына киргизген. Уюмдун эксперттери белгилегендей, президент Мирзиёевдин бир катар реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык өлкө бойдон калууда.