Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 113

Бишкек, "Саясат.kg". Бул иштерди эки тараптуу негизде да, аймактык топтордун алкагында да күчөтүү – геосаясий императив болуп эсептелет.

Британ парламентинин Тышкы иштер боюнча комитети өлкөнүн Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгы тууралуу баяндама жарыялады.

Анда Улуу Британия министрлеринин Борбор Азиядагы бардык беш өлкөнүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) өкмөттөрү менен жогорку деңгээлдеги өз ара иштешүүсү натыйжасыз болуп жатканы белгиленген.

"Бул иштерди эки тараптуу негизде да, аймактык топтордун алкагында да күчөтүү – геосаясий императив болуп эсептелет. Комитет премьер-министрди жана мамлекеттик катчыларды алдыдагы үч жылда аймактагы бардык беш өлкө менен тең тыгыз иштешүүгө чакырат", – деп жазылган баяндамада.

Мындан тышкары анда Британия борбор азиялык коррупциялашкан элиталардын алдыңкы инструменти экени жана аймактан капиталдын агылып чыгышынын негизги борбору болуп эсептелери белгиленген.

"Улуу Британияда каржы кылмыштарынын изине түшүүнүн азыркыдай алсыз системасын сактап туруу – клептократиялык автократиянын кийлигишүүсүнө жол ачууда. Иликтөөлөрдүн фигуранты болгон бай адамдарга салыштырмалуу британ агенттиктеринин ресурстары жетишсиз болууда. Буга байланыштуу британ өкмөтүн Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттик, Олуттуу алдамчылыктарга каршы күрөшүү башкармалыгы өңдүү укук коргоо органдарынын ресурстарын көбөйтүүгө чакырабыз", – деп жазылган баяндамада.

Комитеттин мүчөлөрү Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттикти "булагы белгисиз" байлыктарды, ошондой эле уурдалган мамлекеттик активдерди Улуу Британиядан кайтаруу боюнча кызматташуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен байланышты бекемдөө үчүн бул аймакка агенттерди жөнөтүүгө чакырышты.

"Борбор Азияда маңзат соодасы менен бийликтеги элиталардын жана кылмыштуу топтордун жакын байланыштары бар. Маңзат соодасынан түшкөн каражат Лондон аркылуу жөнөтүлөт. Британия өз жоопкерчилигинен кача албайт: ал маңзатка болгон суроо-талаптын булагы гана болбостон, мыңзат соодасынан түшкөн мыйзамсыз кирешелерди адалдоонун да катышуучусу болууда", – деп жазылган баяндамада.

Мындан тышкары анда Орусия Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп жатканы белгиленген. Комитет мүчөлөрү британ өкмөтүн Борбор Азиянын орус экономикасына болгон көз карандуулугун азайтуу үчүн аймактагы өлкөлөр менен иштешүүгө, ошондой эле Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жаткан субъектилерди Лондон Сити менен Улуу Британиянын кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга чакырышты.

"Комитет британ өкмөтүн Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактагы коомчулукту жана бизнести байытуучу долбоор катары кызматташтыкты колдоого чакырат. Мындан тышкары аймактагы тоскоолдуктарды, өзгөчө өкмөттөр тараптан адам укуктарынын бузулуп жатышын ачык көрүүгө үндөйбүз. Көңүл борборунда аймактагы тургундардын жашоосун жакшыртуу жана демократияны коргоо болушу керек", – деп жазылган баяндамада.