Бишкек, "Саясат.kg". Каражат БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигине которулду.
Казакстан Газа тилкесиндеги катастрофалык кырдаалды эске алуу менен Палестина элине 1 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечти. Бул тууралуу 6-ноябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Каражат БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигине которулду.
Бүгүн, 7-ноябрда Израилдин Тышкы иштер министрлигинин Евразия жана Балкан өлкөлөрү боюнча башкы директорунун орун басары Симона Гальперин Астананын Палестина элине бир миллион доллар гуманитардык жардам бөлгөнү боюнча өз пикирин билдирди.
"Израил палестиналыктарга жардам берүүгө каршы эмес. Израил палестиндер менен эмес, ХАМАС менен күрөшүп жатат. Израил: "жардам ХАМАСка эмес, терроризмге эмес, палестиналыктарга берилиши керек" деп гана айтат", - деди Гальперин.
Ал акыркы он жылдан бери палестиналыктар БУУдан жана башка уюмдардан жардам алып жатканын кошумчалады:
"Бирок бул жардам кайда кетти? Суу, индустрия, экономика, мектеп жана ооруканалар менен камсыздоонун ордуна бардыгы ХАМАСтын туннелдерине кетти. Биз палестиналыктарга жардам берүүгө таптакыр каршы эмеспиз, бирок жардам Палестинанын карапайым калкына берилишин талап кылабыз."
7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирүүдө.