Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 357

Бишкек, "Саясат.kg". Эл өкүлдөрү Палестина элине колдоо көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары бир күндүк эмгек акысын Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан Палестина элине материалдык жардам катары которот.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Израиль армиясынын бомбалоосунан Палестинада 5 миңден ашык адам өлдү. Анын жарымы балдар.