Бишкек, "Саясат.kg". Айрым оппозиция өкүлдөрү бул видеолор бийликтин кысымы менен тартылган деп эсептешет.
Чет өлкөдөгү тажик оппозициясынын лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоевдин апасы электр тармагынын кызматкерлери анын үйүнүн жарыгын өчүрүп салышканын билдирди.
Фархор районунда жашаган Оишамо Абдуллоеванын айтымында, 11-октябрда райондук электр түйүндөр бөлүмүнүн кызматкерлери анын үйүнүн электр зымдарын кесип кетишти. Ал тамда 12 жаштагы небереси менен жашайт.
"Мен алардан үйүмдүн электр кубатын эмне үчүн өчүрүп жатканын сурадым, анткени светке карызым жок жана ай сайын төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөйм. “Балаңыз Германияда сүйлөп, президентти сындады, демек бул жогору жактан келген буйрук” деп жооп беришти. Алар мени такыр укпай коюшту", - деди Абдуллоева.
Райондук электр түйүндөр бөлүмү бул боюнча комментарий берген жок.
Шарофиддин Гадоев "Группа 24" уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Азыр ал “Тажикстанды реформалоо жана өнүктүрүү” кыймылын жетектейт. Мындан тышкары Тажикстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган чет өлкөдөгү оппозициялык топтордун коалициясы болгон Улуттук альянстын жетекчисинин орун басары.
Бул арада “Группа 24” кыймылынын төрагасы Сухроб Зафардын өгөй апасы Ойиша Мирзоева да Кадучи айылындагы үйүндө электр зымдары кесилгенин билдирди.
Оппозициянын башка өкүлдөрү да 30-сентябрда, Берлиндеги нааразылык акцияларынан бир күн өткөндөн кийин өлкөнүн укук коргоо органдары алардын жакындарын кармап, суракка алганын кабарлашты. Тажик бийлиги оппоненттеринин билдирүүлөрүнө жооп кайтарган жок, бирок Facebook социалдык тармагында оппозициячылдардын жакындары аларды мекенине кайтып келүүнү суранган видеолор жарыяланды. Айрым оппозиция өкүлдөрү бул видеолор бийликтин кысымы менен тартылган деп эсептешет.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Берлинде 28-29-сентябрда болгон нааразылык акцияларынан кийин Тажикстанда чет өлкөлөрдө жашаган оппозиция өкүлдөрүнүн 50дөй тууган-туушканы кармалганын кабарлаган.