Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 155

Бишкек, "Саясат.kg". Израилдин түштүк чек араларына жакын жердеги сегиз райондо кагылышуулар жүрүп жатканы кабарланган.

Израилдин Коргонуу армиясы ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан кийин басып алынган бардык калктуу конуштарды өз көзөмөлүнө кайтарды. Бул тууралуу израил армиясынын өкүлү Даниэль Хагари билдирди.

Ошол эле маалда ал Израилдин аймагында Газа секторунан кирип келген куралдуу адамдар дале калган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Израилдин түштүк чек араларына жакын жердеги сегиз райондо кагылышуулар жүрүп жатканы кабарланган.

ХАМАС тобу Израиль армиясы чек арадагы абалды жөнгө салганы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Ал арада Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадага алуу тууралуу буйрук бергенин билдирди.

"Электр жарыгы, азык-түлүк, отун-суу болбойт. Биз варвардык террорчулар менен күрөшүп жатабыз жана тийиштүү жооп кайтарабыз", - деди Галант.

Газа тилкесинде 2,3 миллион киши жашайт. Буга чейин Израилдин Инфраструктура министрлиги соңку окуялардан кийин Газага суу берүүнү токтоткон.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Тель-Авивдин маалыматына караганда, аталган кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алган. Кол салуу учурунда Израил тараптан каза болгон кишилер 700дөн ашкан, эки миңден көбү жараат алган.

Израилдин армиясы Газа тилкесине жооп катары абадан сокку ура баштаган. Палестин бийлигинин маалыматына караганда, Газа секторунда каза тапкандар 413кө жетип, жараат алгандар 2300 болду. Израилдин бийлиги 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыялады.