Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 356

Бишкек, "Саясат.kg". Премьер-министр эми укук коргоо органдары бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн билдирген.

10-сентябрында Өзбекстандын министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында өлкөдөгү диний радикалдашуу маселеси талкууланды.

Өз булактардын билдиришинче, премьер-министр Абдулла Арипов менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун катышуусунда өткөн жыйында өлкөдө «диний радикалдашуунун күчөшү» тынчсызданууну жаратып жатканы айтылды.

Жыйынга катышкан аткаминерлердин бири жумуш ордунда намаз окуу, шарияттын негизинде көп аял алуу, мамлекеттик кызматкерлер менен өкмөт мүчөлөрүнүн диний иш-чараларга катышуусу сынга алынганын айтты.

«Аткаминерлер же динди тандашы керек, же мамлекеттик кызматта иштеши керек», - деген премьер-министр Арипов.

Премьер-министр эми укук коргоо органдары бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн билдирген.

Азырынча премьер-министрдин басма сөз кызматы да, мамлекеттик медиалар да бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ал арада Өзбекстандын бир катар мечиттеринде үн күчөткүчтөрдүн үнү өчүрүлгөнү айтылууда.

Өзбекстандагы булактардын кабарлашынча, укук коргоо органдары ислам адабияттарын, атырларды жана кийимдерди саткан дүкөндөрдө рейд жүргүзүп, дүкөндөрдүн аталыштарын өзгөртүүнү жана арабча жазууларды алып салууну талап кылышууда.

Бир нече күн мурун Өзбекстандын муфтийи бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү сынга алган.