Бишкек, "Саясат.kg". 31 жаштагы эркек менен 27 жаштагы келин пенсионердин колунда алты ай бекер иштеген.
Орусиянын Ставрополь крайында жергиликтүү тургундар алты айдан бери кул катары иштетип жүргөн Өзбекстандын эки жараны бошотулду. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын аягында чарба иштерине жардамчы издеген жергиликтүү пенсионер 31 жана 52 жаштагы шериктеринин жардамы менен азырынча тек-жайы аныктала элек кишиден 20 миң рублге Өзбекстандын эки жаранын сатып алган.
Орусияга мыйзамсыз барган 31 жаштагы эркек менен 27 жаштагы келин пенсионердин колунда алты ай бекер иштеген.
Жергиликтүү полиция пенсионерге каршы "Адамдын эркиндигин мыйзамсыз чектөө" жана "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ал тергөө абагына камалды.
Анын 31 жаштагы шериги үй камагына алынды. Экинчи шериги быйыл июнда каза болуп калган. Учурда аларга өзбек жарандарын саткан адам изделүүдө.