Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 109

Бишкек, "Саясат.kg". Ведомство тергөө сырына шилтеме жасоо менен окуянын чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Казакстандын Талдыкорган шаарындагы аскердик авиабазада  учууга даярдалып жаткан истребителден ок атылып, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы бири жаракат алды.

Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ведомство тергөө сырына шилтеме жасоо менен окуянын чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Orda.kz басылмасынын өз булагы билдиргендей, истребителди тейлеген механик кокусунан ракета атып, авиабазанын 45 жаштагы кызматкери каза болгон.

Бул окуядан улам Жетиген авиабазасында Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган пресс-тур болбой калды.