Бишкек, "Саясат.kg". Алексей Навальныйдын санаалаштары “Вагнердин” жетекчиси мамлекеттик келишимдерден да кантип акча тапканы тууралуу айтып беришти.
“Вагнер” жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жакындары Италияда 3,5 миллион евролук сарайга ээ, ал эми өзүнүн мүлкү 20 миллиард доллардан ашык. Бул тууралуу “Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун” иликтөөсүндө айтылат.
Иликтөөдөгү маалымат боюнча, Пригожиндин уулу Павел Санкт-Петербургдук ресторатор Сергей Инкиндин кызы Екатерина Инкинага үйлөнгөн. 2017-жылы Форте-деи Марми шаарында наркы 3,5 млн еврону түзгөн дээрлик 400 чарчы метр аянтты ээлеген сарай сатып алган.
Алексей Навальныйдын санаалаштары “Вагнердин” жетекчиси мамлекеттик келишимдерден да кантип акча тапканы тууралуу айтып беришти. Тактап айтканда, Пригожиндин мурдагы күзөтчүсү Арсений Бердяев “Технология” фирмасынын ээси катары көрсөтүлгөн. Бул компания орусиялык аскер бөлүктөрүн, анын ичинде Украинанын оккупацияланган аймактарын азык-түлүк менен камсыздоо ишин алып барган. Акыркы бир жарым жылдын ичинде “Технология”, 847 миллион рублга мамлекеттик келишимдерди алган.
Пригожиндин дагы бир фирмасы “Конкорддун” кызматкери Надежда Тихоновага таандык “Кулинар” компаниясы Орусиянын Коргоо министрлигинин банкеттерин уюштуруп турган. Өткөн жылы компаниянын кирешеси 262 миллион рублди түзгөн.
Журналисттер ачык маалыматтарга таянып, Пригожиндин активдери болжол менен эки триллион рублди (20 миллиард доллар) түзөрүн эсептеп чыгышкан.
"Пригожин чындыгында канча киреше тапкан деген суроого жооп берүү дээрлик мүмкүн эмес. Биз расмий бөлүгүн гана көрүп жатабыз - алар мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ачыкка чыккандары. Бул айсбергдин бир чети гана, кеп триллиондогон рубль жөнүндө болуп жатат”, - деп билдирген иликтөөчүлөр.
24-июнга караган түнү "вагнерчилер" "куралдуу козголоң" уюштуруп, Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.