Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 26

Бишкек, "Саясат.kg". Бул жасалма интеллектке байланыштуу илимий коомчулуктун биринчи билдирүүсү эмес.

Дүйнөдөгү бир катар технологиялык компаниялар, анын ичинде АКШдагы жасалма интеллекттин коопсуздук борбору (Center for AI Safety) менен Google DeepMind жетекчилери жасалма интеллект адамзаттын жок болушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертишти.

"Жасалма интеллекттин айынан адамзаттын жок болуп кетүү коркунучун азайтуу – бүтүндөй коомго коркунуч туудурган пандемия жана өзөктүк согуш сыяктуу башка тобокелдиктер менен бирге глобалдык артыкчылыкка айланышы керек" деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.

Билдирүүгө 350гө жакын окумуштуулар, инженерлер жана жасалма интеллект түзүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан компаниялардын жетекчилери кол коюшту. Алардын арасында OpenAIнин жетекчиси, ChatGPT программасынын негиздөөчүсү Сэм Алтман жана "жасалма интеллекттин атасы" деп эсептелген окумуштуу Жеффри Хинтон бар.

Бул жасалма интеллектке байланыштуу илимий коомчулуктун биринчи билдирүүсү эмес. Буга чейин миңге жакын илимпоздор, технологдор, анын ичинде Илон Маск коопсуздук программалары ойлоп табылганга чейин жасалма интеллектти өнүктүрүүнү алты айга токтотууну сунушташкан.

Chat GPT - бул адам менен баарлаша турган чат-бот же компьютердик программа. Жасалма интеллектке негизделген чат-бот маалымат издеп, суроолорго жооп берет. Код программаларын жаза алат. Мындан тышкары, чат-боттор бизнес презентацияларды жана жарнамалык тексттерди даярдоого кудуреттүү.