Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 34

Бишкек, "Саясат.kg". Окуя 19-майда түшкү тыныгуу маалында болгон.

Санкт-Петербург полициясы шаардагы "Лахта борбордун" курулуш талаасында иштеп жүргөн мигранттардын тобун кармап кетти.

Окуя 19-майда түшкү тыныгуу маалында болгон.

"Тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар тамактануу үчүн сыртка чыгышкан. Ошол учурда полиция кызматкерлери келип, 15-20 кишини кармап кетишти. Мигранттардын колу-бутун кайрып, начар мамиле кылышты. Бирок албетте алардын эч кимиси полицияга каршы даттанбайт, баары коркуп турушат. Эгер даттанса депортация болуп же иштен кетип каларын жакшы билишет", – деди аты-жөнүн айткысы келбеген мигранттардын бири.

"Озоди" радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканын көрүүгө болот. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Орусиянын бийлиги "Газпром" корпорациясына таандык "Лахта борбордо" иштеген мигранттардын кармалышы боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Бул акыркы күндөрү Орусияда мигранттар кармалган алгачкы учур эмес. Буга чейин Екатеринбург шаарында "Мыйзамсыз мигрант" деп аталган рейд жүргүзүлгөнү кабарланган. Шаардык полиция бөлүмүнөн анын максаты – "миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо" экенин билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандары да акыркы кездери мигранттардын документтерин текшерүү жана кармап кетүү фактылары көбөйгөнүн билдирүүдө. Алардын бири "Озоди" радиосуна 19-20-май күндөрү Котельники шаарындагы мигранттарды кармап кетүү учуру тартылган видеотасманы жөнөткөн.

Тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров акыркы күндөрү ага мигранттардын кармалганы боюнча бир нече кайрылуу болгонун билдирди. "Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды кармоо учурлары көбөйдү. Кармоолор 19-майда Тынчтык проспектисинде жайгашкан мечиттеги жума намазынан кийин башталды. Мындай көрүнүштөр башка мечиттерде да болгону кабарланууда. Азыр Орусияда абал оор. Бийлик түрдүү шылтоолор менен мигранттарды кетирип, алардын ордуна өз жарандарын ишке орноштурууга аракет кылып жатат", – деди укук коргоочу.

Собировдун айтымында, 20-майда мындай "рейддердин" биринде "бардык документтери жайында болгон жана эмгек келишимдери бар" бир нече мигрант кармалган. "Биз эки тажик жаранынын иши боюнча доо арыз бердик. Жыйынтыгында аларды камакка алуу тууралуу төмөнкү баскычтагы соттун чечими жокко чыгарылып, мигранттар кое берилди", – деди укук коргоочу.

Буга чейин Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын "ээн баштыгын" токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда "тажик анклавы" түзүлгөнүн жана "жашоо кооптуу болуп калганын" айтышкан.

Өткөн жылы Москва шаарынын өзүнөн эле 400 миңге жакын мигрант өз мекендерине депортацияланганы кабарланган.