Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 62

Бишкек, "Саясат.kg". Былтыр Сингапурда эле баңгизатка байланышкан кылмыштары үчүн 11 адам өлүм жазасына кесилген.

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму өткөн жылы дүйнө өлкөлөрүндө жалпысынан 883 адам өлүм жазасына тартылганын билдирди.

Уюмдун 16-майда жарыяланган баяндамасында бул статистикага Кытайда өлүм жазасына кесилген "миңдеген" адам кирбей калганы, анткени бул өлкөдөгү маалыматтар жашыруун экени жазылган.

Amnesty International Сауд Арабияcында былтыр бир күндө эле 81 киши өлүм жазасына тартылганын кошумчалады.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2022-жылы Иранда 576, Сауд Арабияcында 196, Египетте 24 жана Америка Кошмо Штаттарында 18 киши өлүм жазасына тартылган. Мындай катаал жаза Түндүк Корея менен Вьетнамда да колдонулат. Бирок бул өлкөлөрдө да Кытай сыяктуу эле маалымат ачык жарыяланбайт.

Дүйнөдө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана буга байланыштуу кылмыштар менен алектенгендер өлүм жазасына көп тартылат. Былтыр Сингапурда эле баңгизатка байланышкан кылмыштары үчүн 11 адам өлүм жазасына кесилген.