Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 91

Бишкек, "Саясат.kg". Жыл сайын "борбор азиялыктардын бүтүндөй бир армиясы", биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алып жатышат.

Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия айрым Борбор Азия өлкөлөрү менен кош жарандуулук системасынан баш тартып же эки өлкөнүн жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежелерин өзгөртүү керектигин билдирди.

"Жыл сайын "борбор азиялыктардын бүтүндөй бир армиясы", биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алып жатышат. Бирок алар ушундай эле активдүүлүк менен фронто барган жок, Ата Мекен үчүн Орусиянын жергиликтүү калкы, негизинен орустар өлүп жатат", – деп жазды Матвеев Telegram-каналына.

Депутаттын айтымында, "Аскердик милдет тууралуу" мыйзамда орус жарандыгын алган адам эки аптанын ичинде аскердик комиссариатка катталышы керектиги жазылган жана алар согушка мобилизацияланышы керек.

"Алар эмнеге мобилизацияланбай жатат? Кана тажик батальондору? Согуш уланууда, Орусияга аскерлер керек… Борбор азиялыктардын "армиясы" аткычтар менен минометчулардын эмес, куруучулардын, таксисттердин жана короо шыпыруучулардын полкторуна кошулуп жатат", – деп жазды Матвеев.

Депутат борбор азиялыктардын согушка тартылбай жатышына кош жарандуулук институту себеп болууда деп эсептейт.

"Мыйзамдарды карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор даярдайм. Эгер маселе чынында эле кош жарандуулукта болсо, анда ага тыюу салыш керек же андай адамдарды мобилизациялоо тартибин өзгөртүү зарыл", – деп кошумчалады Матвеев.

Орус жарандыгы бар канча тажикстандык Украинадагы согушка мобилизацияланганы боюнча так статистика жок. Бирок бүгүнкү күнгө карата 20га жакын тажикстандык орус түрмөлөрүнөн Украинага жөнөтүлүп, ал жакта каза болгону белгилүү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл үч айдын ичинде Тажикстандын 45 миңге жакын жараны орус жарандыгын алды. Эки өлкөнүн ортосунда кош жарандуулук тууралуу макулдашуу бар.