Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 50

Судандын борбору Хартумда кызылча, холера жана башка материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораториянын басып алынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Судандын борбору Хартумда кызылча, холера жана башка материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораториянын басып алынышынан улам биологиялык коркунуч жогору экенин эскертти.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп жатат. "Би-Би-Си" кабарлагандай, чатактын кайсы тарабы улуттук медициналык лабораторияны басып алганы азырынча белгисиз. 25-апрелде уюм кызматкерлери мындан ары ал жакка кире албай турганын маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам илимий объектидеги материалдарды туура колдонууга мүмкүн болбой жатат.

Хартумдагы лаборатория кармаш жүргөн аймакка жакын жайгашкан.

Шейшембиде Суданда аба чабуулдары кайра башталды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири болгон Омдурман аткыланып, оорукана зыянга учураган.

Эки аптадан бери уланып жаткан кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. БУУнун маалыматына караганда, Судандагы башаламандыктан кеминде 460 киши өлүп, төрт миңдейи жаракат алды.

Судандан чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүн чыгарып кетүү уланууда.