Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 45

Бишкек, "Саясат.kg". Аскердик чыгымдары боюнча Орусия АКШ жана Кытайдан кийин эле үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнө жүзүндө аскердик чыгым 2022-жылы 3,7% жогорулап, 2,24 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Тынчтык көйгөйлөрүн изилдөөчү эл аралык Стокгольм институту (SIPRI) билдирди.

Уюмдун 24-апрелде жарыяланган жаңы баяндамасына караганда, Орусиянын Украинага кол салуусу чыгымдын көбөйүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп калды.

Баяндамада белгиленгендей, дүйнөдөгү аскердик чыгашанын 56% АКШга, Орусияга жана Кытайга таандык болууда, бул өлкөлөр аскердик багытка көп каражат коротууну дагы эле улантып жатышат.

АКШнын аскердик чыгымдары 877 миллиард долларды, же бүткүл дүйнөлүк аскердик чыгымдардын 39% түздү. Ошол эле учурда Кошмо Штаттар Украинага жардам катары 19,9 миллиард доллар бөлгөн.

Кытайдын аскердик чыгымдары 28 жылдан бери өсүүдө. 2022-жылы өлкө 292 миллиард доллар коротуп, коргонууга эң көп акча сарптаган дүйнөдөгү экинчи өлкөгө айланды.

Аскердик чыгымдары боюнча Орусия АКШ жана Кытайдан кийин эле үчүнчү орунду ээледи. Былтыр чыгымы 9,2% көбөйүп, 86,4 миллиард долларды түздү.

Украинанын аскердик чыгашасы 44 миллиард долларга жетип, бир жылда 640% көбөйдү.

НАТОго мүчө өлкөлөр жалпысынан 1,2 триллион доллар коротушту. Бул 2021-жылга караганда 0,9% көп.

Уюмдун пикиринде, Украинага жөнөтүлүп жаткан аскердик жардам жана Орусиянын коркунучу көптөгөн өлкөлөр аскердик дареметин бекемдөөсүнө түрткү болууда.