Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 41

Бишкек, "Саясат.kg". Борбордук жылуулук берүү системасы бар 80 шаардагы бул көрсөткүч 75 пайыздан 92 пайызга чейин бааланган.

Казакстандын бийлиги жылуулук үчүн тарифтерди жогорулатууну караштырып жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык-экономикалык өнүгүү маселесине арналган жыйында аймактардагы инфраструктуранын абалы жөнүндө айтып жатып билдирди.

"Коммуналдык тармакты модернизациялоо максатында өкмөт жаңы тарифтик саясатка өтүүгө ниеттенип жатат. Аймакта бизде гана отун баасы арзан. Демек мамлекеттин бардык субсидиясы башка өлкөлөрдүн экономикасына кетип жатат. Биз тарифтерди акырындык менен көтөрүп, базар баасына жакындайбыз же бардык шаарлар менен айылдарда инфраструктурасыз калабыз", – деди Токаев.

Президент өткөн жылы "Самрук-Казына" фондунун атынан тарифтер үчүн 1 триллион теңгеден ашык субсидия берилгенин мисал келтирип, бул көрүнүштү "базар экономикасынын принциптерин ачык бузуу" деп атады.

Өткөн жылы ноябрдын аягында Экибастук шаарындагы Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) менен жылуулук магистралдарында ири авария катталып, -30 градус суукта шаар тургундары жылуулуксуз калган. Жашоочулар электр жылыткычтарды иштетип, жыйынтыгында электр энергиясы үчүн көп суммада акча төлөөгө аргасыз болушкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандагы ЖЭБдердин жарымынан көбүндө бузулуп калуу тобокелдиги бар. Өлкө боюнча жылуулук түйүндөрдүн эскирүүсү орточо 54 пайызды түзөт. Борбордук жылуулук берүү системасы бар 80 шаардагы бул көрсөткүч 75 пайыздан 92 пайызга чейин бааланган.

Экибастуз шаарындагы ЖЭБге "Борбор Азиянын электр энергия корпорациясынын" башчысы Александр Клебанов ээлик кылат. Ал Forbes-Казакстан басылмасынын версиясы боюнча өлкөнүн эң бай 20 адамынын катарына кирет.

Өткөн жумада Экибастуздагы ЖЭБ мамлекеттик бюджеттин эсебинен капиталдык модернизациядан өткөрүлөрү кабарланган.