Бишкек, "Саясат.kg". Алгачкы үч бөлүм 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүү менен алектенет.
Орусияда президенттик администрациянын ички саясий блогунда иштеген кызматкерлер iPhone смартфондорун колдонбоого милдеттендирилди. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай буйрукту марттын башында президенттик администрациянын башчысынын биринчи орунбасары Сергей Кириенко жеке өзү берген. Бийлик Apple корпорациясынын смартфондору "батыш адистеринин хакердик жана шпиондук аракеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн" деп эсептөөдө. "iPhone - бүттү. Ыргытып жиберип же балдарга берүү керек. Март айында аны колдонбой калышыбыз керек", – деп билдирген "Коммерсанттын" булактарынын бири.
Анын айтымында, iPhone смартфондорун колдонууга киргизилип жаткан тыюу – шарттуу түрдө президенттик администрациянын ички саясий блогунун курамына кирген төрт бөлүмдүн кызматкерлерине тиешелүү болот: ички саясат, коомдук долбоорлор, Мамлекеттик кеңештин ишмердүүлүгүн камсыздоо жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү бөлүмдөрү. Алгачкы үч бөлүм 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүү менен алектенет.
Булактын айтымында, президенттик администрация өз кызматкерлерине Android операциялык системасынын базасында же кытайлык аналогдорунда иштеген "кыйла коопсузураак" смартфондорду сатып бериши ыктымал. Мындан тышкары "Ростелекомдун" курамындагы "Ачык мобилдик платформа" компаниясы иштеп чыккан орусиялык "Аврора" операциялык системасы да колдонулушу мүмкүн.
Кийинчерээк аймактык администрациялардын ички саясат менен алектенген бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерге да америкалык гаджеттерди колдонууга тыюу салынышы ыктымал экени айтылууда.
Буга чейин орус бийлиги аткаминерлерге Zoom тиркемесинен баш тартып, анын орусиялык аналогу Trueconf сревисин колдонууну сунуштаган.