Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 99

Бишкек, "Саясат.kg". Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Украинанын Коопсуздук кызматы "Украинага даңк!" деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.