Бишкек, "Саясат.kg". 6-февралда түштөн кийин Түркияда күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанган.

Түркияда 6-февралдагы катуу жер титирөөдөн 2921 киши каза болуп, 16 миңге жакын адам жараат алды. 7 840 киши урандылардын алдынан куткарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) башчысы Юнус Сезар билдирди.

Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган бир жумалык аза күтүү жарыялады. Ал 6-февралдагы 7,8 баллдык силкинүүнү 1939-жылдан берки Түркияда болгон эң ири жаратылыш кырсыгы деп сыпаттады. Эрдоган 45тен ашык өлкө Түркияга жардам берүүгө даяр экенин билдиргенин кошумчалады.

6-февралда түштөн кийин Түркияда күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанып, ал коңшу Грузия, Армения, Ливан жана Иранда сезилген. 7-февраль күнү эртең менен Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Зилзаладан Сириянын расмий Дамаскттын көзөмөлүндө турган аймактары да, ошондой эле Түркия колдоп жаткан куралдуу оппозиция жайгашкан райондору да зыянга учурады.

Reuters агенттиги Башар Асаддын өкмөтүнө жана Дамасктын көзөмөлүндөгү аймактарда иштеп жаткан куткаруучуларга таянып, Сирияда зилзаладан бери дегенде эле 1 400 киши өлүп, 3,5 миңге жакын адам жараат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, өлкөдө миңдеген турак жай кыйрап, ондогон шаар зыянга учурады.

Учурда куткаруу иштери уланууда. Сириядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга Бириккен Араб Эмираттары, Франция жана Германия сыяктуу өлкөлөр жардам берүү ниеттерин билдиришти.