Бишкек, "Саясат.kg". Лондон Киевге “Челленжер-2” аталыштагы 14 танк жеткире турганын жарыялаган.

Кошмо Штаттар бир нече ай ичинде украин армиясына "Абрамс" үлгүсүндөгү 31 танк берет. Бул тууралуу 25-январда АКШ президенти Жо Байден билдирди.

Байден Германия, Улуу Британия, Франция жана Италиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты. Алар Украинаны колдоодо бирдиктүү экенин, согуш узакка созулуп бараткандыктан, ага оор курал-жарак керек деп эсептешет.

Байден “Леопард” танктарын жөнөтүүгө макул болгон Германияга, ошондой эле Украинага аскердик жардам көрсөтүп жаткан башка өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Байден НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аракеттери Орусияга коркунуч туудурбай турганын, алардын бир гана максаты орус күчтөрүнүн Украинадагы агрессиясын токтотуу экенин баса белгиледи.

25-январда Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага "Леопард 2" аталыштагы 14 танк берүү боюнча бирдиктүү чечимге келгенин, немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Хебестрейт билдирди. Берлин өнөктөштөрү менен бирге тез арада Украина үчүн эки танк батальонун түзүүнү көздөөдө.

15-январда болсо Лондон Киевге “Челленжер-2” аталыштагы 14 танк жеткире турганын жарыялаган.