Бишкек, "Саясат.kg". Өлүм учурларынын өсүп жатканы тынчсыздандырат. 

2022-жылдын декабрь айынын башынан бери COVID-19дан расмий түрдө каза болгондордун саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус билдирди.

Айтымында, ушул жумада коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан дээрлик үч жыл өткөндөн кийин уюмдун эксперттери учурдагы абал дагы деле глобалдык өзгөчө кырдаал болуп калабы же жокпу деген маселени талкуулоо үчүн кайрадан чогулушат.

“Мен Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин сунуштарын жакшы эмес экенин алдын ала сезип турам. Өлүм учурларынын өсүп жатканына тынчсызданып жатам. Биз үч жыл мурунку пандемияга караганда жакшыраак абалда турсак дагы, саламаттыкты сактоо тармактары дагы бир жолу оор абалды баштан кечирүүдө”, - деди Гебрейесус.

Муну менен катар ДССУнун адистери коронавируска каршы вакциналар кынтыксыз эмес экенин, ал тургай, эмдөө жогорку деңгээлде камтылганда да аны алган адамдардын арасында оор учурлар көбөйүп жатканын белгилешет.