Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 43

Бишкек, "Саясат.kg". Буга байланыштуу мобилизация жарлыгы күчүн жогото элек.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, 2022-жылы сентябрда Владимир Путин кол койгон жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлык күчүн жогото элек.

Бирок ал аскерге чакыруу үчүн эмес, башка аскердик маселелерди чечүү үчүн колдонулуп жатат.

Песковдун билдиришинче, мобилизациянын алкагында аскерге чакыруу аяктады, бирок мобилизация өзүнө башка дагы “иш-чараларды” камтыйт.

“Аскер кызматкерлери милдеттерин аткарышы керек деген сыяктуу башка да тапшырмалар бар. Буга байланыштуу мобилизация жарлыгы күчүн жогото элек”, - деп түшүндүрдү Песков. Муну менен Кремль биринчи жолу мобилизация жөнүндө жарлык эмне себептен жокко чыгарыла электин түшүндүрүүгө аракет жасады.

2022-жылы 21-сентябрда жарандарды армияга тарткан мобилизация жарыяланган. Бир айдан кийин коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң адамды аскерге чакыруу тапшырмасы аткарылгандыктан мобилизация аяктаганын билдирген. Бирок мобилизацияны токтотуу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан эмес. Укук коргоочулар мындай документтин жоктугу Коргоо министрлигине кайрадан аскерге чакыруу укугун берип жатканын белгилешүүдө.

Январда британиялык The Times гезити Батыштын чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Орусияда мобилизациянын экинчи айлампасы жарыяланышы мүмкүндүгүн, анын алкагында жарым миллионго чейин адам армияга чакырылышы ыктымалдыгын жазган.