Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 38

Бишкек, "Саясат.kg". Кырсыктан жараат алган 30 кишинин арасында бала бакчанын 12 тарбиялануучусу бар.

18-январда Киев облусунун Бровары шаарында тик учак бала бакчанын жанына кулап, 16 киши каза болду. Алардын үчөө бакчанын тарбиялануучулары.

Маалыматка караганда, тик учактагы тогуз кишинин баары, анын ичинде Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин жана мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович мерт болду.

Кырсыктан жараат алган 30 кишинин арасында бала бакчанын 12 тарбиялануучусу бар.

Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды.

Бровары шаардык администрациясынын башчысы Игорь Сапожко тик учак Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таандык болгонун билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыкка коюу туман себеп болушу мүмкүн. Учкуч тумандан улам бийик имаратты байкабай, дароо жогору көтөрүлүүгө аракет кылганда башкарууну жоготуп койгон.

Украинанын коопсуздук кызматы кырсыктын үч себебин кароодо – учуу эрежелерин бузуу, техникалык мүчүлүштүктөр жана транспорт каражатын атайылап жок кылуу аракети.

Украин өкмөтүнүн башчысы Денис Шмыгаль өлкөнүн ички иштер министринин милдеттерин убактылуу Улуттук полициянын башчысы Игорь Клименко аткара турганын билдирди. Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчиси парламент менен талкуулагандан кийин дайындалат.