Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 116

Бишкек, "Саясат.kg". Түркия ошондой эле Стамбул аркылуу гуманитардык коридор түзүүнү демилгелеп жатат.

Түркиянын ортомчулугу менен Украина жана Орусиянын ортосунда көп сандагы аскер туткундарын алмашууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Түркиянын акыйкатчысы Шереф Малкоч дүйшөмбү күнү билдирди.

Анын айтымында, Акыйкатчы институту тарабынан гуманитардык аракеттердин үч баскычтуу планы макулдашылды. Украина алмашууга 800 туткундун, Орусия 200 туткундун тизмесин берген.

Түркия ошондой эле Стамбул аркылуу гуманитардык коридор түзүүнү демилгелеп жатат. Тараптар аны жаракат алган аскер кызматкерлери менен жөнөкөй жарандарды, биринчи кезекте балдарды, аялдарды жана улгайган адамдарды чыгарып кетүү үчүн колдонсо болот. CNN түрк кызматынын маалыматына караганда, бул маселени Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын жана Украинанын президенттери менен пландалып жаткан жакынкы жолугушуусунда талкуулайт.

11-январда Түркияда Украина менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү – Дмитрий Лубинца менен Татьяна Москалькованын жолугушуусу өткөн. Москалькова анын жыйынтыгы тууралуу "Твиттер" баракчасына билдирүү жазып, 40 орусиялык туткунду алмашуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген. 14-январда Reuters агенттиги украин аскерлерине шилтеме кылып, туткундарды алмашуу орус тараптын демилгеси менен ишке ашпай калганын кабарлаган.

Түркия НАТОнун мүчөсү жана Украинага курал-жарак берүүдө. Ошол эле маалда ал Украина менен Орусиянын ортосундагы башкы ортомчу болуп, эки өлкө өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү үчүн аянтчаларды түзүп келет.