Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 58

Талас районунда катуу шамалдан онго жакын үйдүн чатырлары талкаланды.

Жамбыл облусунун Жанатас шаарында катуу бороондон улам табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери Сарысуу районунун акимчилигине шилтеме кылып билдиришти.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, катуу шамал жана кардан улам бул райондо электр линиялары үзүлүп, электр мамылары кулады. Мындан тышкары борбордук от казандын ишинде да мүчүлүштүк жаралганы кабарланууда.

Талас районунда катуу шамалдан онго жакын үйдүн чатырлары талкаланды.

Казакстанда автоунаа жолдорунун 109 тилкеси, анын ичинде республикалык маанидеги 41 тилке аба ырайынын начардыгынан улам жабылды. Бул тууралуу шаршемби күнү эртең менен өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, жолдордогу өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн республикалык штаб түзүлдү. Ушундай эле штабдар аймактарда да иштеп жатат.

Өткөн суткада куткаруучулар 695 кишини, анын ичинде 137 баланы эвакуациялады.

Синоптиктер 4-январда да кар жаап, өлкө аймактарында катуу шамал болорун болжолдошууда.