Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 56

Түркияга туристтик максатта барып, өлкөдө жашап туруу укугун сураган орусиялыктардын арыздары 26-декабрдан тарта четке кагыла баштады.

Бул тууралуу Vpost басылмасы күбөлөргө таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Түркияга барып, биринчи жолку ижара келишиминин негизинде өлкөдө жашап туруу укугун алууну көздөгөн орусиялыктарга документ берилбей жатат. Алардан 10 күндүн ичинде Түркиядан чыгып кетүү талап кылынууда.

Мыйзам боюнча орусиялыктар Түркияда 60 күн визасыз жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Түркияга барган украиналыктарга мекенинде согуш аяктаганга чейин убактылуу жашоого уруксат берүү уланууда.