Бишкек, "Саясат.kg". Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө алып келген “Док-1 Макс” дарысынан этиленгликоль табылды.

Анын 95 пайыздык эритмесинен 1-2 мл пайдаланганда адамдын организминде олуттуу өзгөрүү пайда болот.

Бул тууралуу 27-декабрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Текшерүү аныктагандай, “Док-1 Макс” ширесин ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен ооруканага жаткырылган, алардын 18и чарчап калган.

Маалыматка караганда, каза болгон балдар ооруканага жеткирилгенге чейин үй шартында аталган сиропту башка дарылар менен чогуу 2ден 7 күнгө чейин 3-4 маал 2,5−5 мл өлчөмүндө ичип турушкан.

“Албетте, бул доза балдар үчүн белгиленген нормадан ашык”, - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Кызматына шалаакы мамиле жасаганы, балдардын өлүмүн өз учурунда анализдей албаганы жана тиешелүү чара көрбөгөнү үчүн жети аткаминер кызматтан алынды. Дагы бир нече адис дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Топтолгон бардык документтер кылмыш ишин козгоо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

“Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынды.

Индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" дарысы парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерге дарыгер жазып берген дарыларды гана колдонууну сунуштайт.