Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 51

Бишкек, "Саясат.kg". Кремль быйыл Украинадан орусиялык аскерлерди чыгаруу ыктымалын четке какты.

“Бул жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эмес”, – деди Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Рождествого карата Украинадан орус аскерлердин чыгарууну сунуштаган.

Дмитрий Песков Украина “бул убакыт аралыгында пайда болгон реалдуулукту кабыл алышы керек” экенин айтты. Ал өзүн республика деп жарыялап алган Донецк жана Луганск аймактарындагы жана оккупацияланган Херсон менен Запорожье облустарындагы референдумдарды эске салып, Орусиянын жаңы субъекттери пайда болгонун белгиледи. “Бул реалдуулукту эсепке албай туруп, алдыга жылуу мүмкүн эмес”, - деди Песков.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Сентябрда Украина контрчабуулга өткөн. Ушундан улам Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында шашылыш референдум өтүп, бул аймактар Орусиянын курамына кирген. Украин бийлиги жана башка көптөгөн өлкөлөр добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалма деп атап, таануудан баш тарткан.