Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламент жыйынында элге кайрылуу жасап, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн билдирди.

"Адилеттүү Казакстанды куруу жолунда негизги жана комплекстүү реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты зарыл. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн азайтып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын", – деди президент.

Токаев президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жети жылга узартууну жана кайра шайлануу укугун алып салууну "сунуштай турганын" кошумчалады. "Мен сунуштап жаткан конституциялык новелла бийликтин монополдошуу тобокелдиктерин кыйла азайтат", – деди Токаев.

Кабар