Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Геосаясат

Өзбекстанда 25-июнда жаңы Баш мыйзамдын долбоору жарыяланып, аны 5-июлга чейин элдик талкуудан өткөрүүгө убакыт берилген. Талаачылык иштери кызып турган мезгилде кардиналдуу өзгөрүүлөр сунушталган долбоорду он күндүн ичинде талкуудан өткөрмөк түгүл, дыкат таанышып чыкканга да мүмкүн эмес. Анткени, анын 64 беренесине 200гө жакын алымча-кошумчалар сунушталса, жаңыдан 6 берене кошулуп, аларга жаңы 16 норма киргизилиптир. Эгерде Каракалпакстан Республикасынын макамына өзгөртүү  сунушталбаса, эл ага чындап  көңүл деле бурмак эмес.

Өзбекстандыктар “бийлик тарабынан кандай өзгөртүүлөр сунушталбасын, эл колдосо да, колдобосо да баары бир ал өтөт, ошондуктан ага баш оорутуп кереги жок”  дегенге көнүп калган. Бул долбоор да кеминде 80 пайыздык колдоо менен өтмөк, бирок  андагы Каракалпакстан Республикасынын макамын  өзгөртүп, аны облустардын деңгээлине түшүрүү сунушу Каракалпакстанда жашагандардын наарызылыгын пайда кылып, Өзбекстандагы саясый абалды күтүүсүз чыңалтып жиберди.

Мурда Өзбекстандын Баш мыйзамында “Каракалпакстан бөлүнүп чыкканга укугу бар суверендүү республика” деп  жазылып келсе, долбоордо “бөлүнүп чыкканга укугу бар суверендүү” делгени алынып салынганы Каракалпакстанда жашагандардын  массалык нааразылыгын жаратты. Республиканын борбору Нукуста, Мойнок, Чымбай сыяктуу ири шаарларында 1-2- июлда массалык митингдер өткөрүлдү. Ал 2-июлда бир айга чукул абал менен кошо коменданттык саат  киргизилгенден кийин да токтобой күч түзүмдөрү менен элдин кагылышууларында  бир нече адам өлүп, ондогон тургундар жараат алганы маалымдалууда. Элдин нааразылыгынан улам Президент Шавкат Мирзиеёв дароо Нукуска жетип барып, республиканын макамы мурдагы бойдон каларын айтып элди тынчтандырды. Эл тынчтанса да жергиликтүүлөрдүн мындан ары  Ташкендин Каракалпакстанга байланышкан ар чечиминен өздөрүнүн укуктарына доо кетиргидей  нерсе издеп,  ишеними азайып, көпкө чейин шектери арта берери турган иш. Аны айрым саясатчылар өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышат.

Көз карандысыз эксперттердин пикиринде, бул кезектеги консти­туциялык реформа Шавкат Мирзиеёвдин мурда эки жолу шайланган мөөнөтүн эсептен  чыгарып, анын ыйгарым мөөнөтүн 4 жылдан 6 жылга көбөйтүп, дагы эки мөөнөткө президенттикке шайланууга укуктук жол ачып берүүнү көздөгөн эле кампания экен. Андай болгон соң долбоорго Каракалпакстан Республикасынын макамы жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарыл­чылыгы жок болчу. Анткени, Каракалпакстанда кара калпактарга салыштырганда өзбектер көптүк кылат, мындан ары ал ажырым өзбек­тердин пайдасына оой берет. Эгемендүүлүккө ээ болуу үчүн референдум өткөрүү керек, республиканын Жогорку Кеңеши андай маселени ыктыяры менен эч качан койбойт. Башка күчтөр тарабынан коюлса деле ал өтпөйт. Же Ташкенттин расмий бийлиги титулдук улуттагылар менен ал жерде жашаган этникалык казактар биригип, бул маселени козгоо мүмкүнчүлүгүнөн чоочуду бекен?

Андай болушу мүмкүн, теги, тили жана маданияты жагынан кара калпактар өзбектерге караганда казактарга, кыргыздарга  алда канча жакын. Алар кара калпакчандар менен ак калпакчандар бир атадан тараган бир туугандар деп калышат.  Республика 1936-жылга чейин Казакстандын курамында болгон. Ал кезде андан кийинки 70-жылдарга чейин  республика берекеси артып, шалысы, пахтасы, балык чарбасы, түркүн мөмө жемиштери менен атагы чыккан берекелүү аймак болсо, Арал соолуп үчкө бөлүнгөндөн бери шамал жүрсө, талааларын туздуу чаң каптаган экологиялык кыямат­тын ордосуна айланган. Ал жерде жашагандардын көпчүлүгү экологияга бай­ланышкан дарттардан жапаа чегишет. Көп аймактарында таза суу да жетишпейт. Андан башка социалдык көйгөйлөр да аз эмес. Элдин жапырт көтөрүлүп чыгуусунда алардын  да таасири болгону талашсыз. Анткени, эл социалдык, экологиялык кыйынчылыктарга  буулугуп, көтөрүлгөнгө ансыз деле шылтоо таппай турганда кичине түрткү болсо эле жарылып кетээри шексиз.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити