Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 91

Макалада айтылгандай, Финляндиянын арызын канааттандыруу үчүн Түркия башка нерселер менен катар бул өлкөдөн баш паанек алган күрд саясий активисттерин Түркияга экстрадициялоону талап кылууда.

Украинадагы окуялардын фонунда Финляндия менен Швеция НАТОнун башкы катчысына альянска кирүү боюнча арызын тапшырган. Бирок Түркия каршы экенин билдирип, бул арыздарды кароо процессинин башталышына бөгөт койгон.
Финляндия өзүнүн позициясын аныкташы керек. Ал же террордук уюмдарды коргоону улантат же Анкарага баш ийип, НАТОго кирүү үчүн анын макулдугун алат. Бул тууралуу Түркиянын президентинин маалымат катчысы Фахреттин Алтунга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, Украинадагы окуялардын фонунда Финляндия менен Швеция НАТОнун башкы катчысына альянска кирүү боюнча арызын тапшырган. Бирок Түркия каршы экенин билдирип, бул арыздарды кароо процессинин башталышына бөгөт койгон. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болушуна каршылыгын, анткени алардын Түркияда тыюу салынган "Күрдстан жумушчу" партиясынын өкүлдөрү менен мамилесине нааразы экенин билдирген.
"Кеп Финляндиянын Түркияны түшүнбөй жатканында эмес. Финляндия баарын түшүнүп туруп, Түркиянын коопсуздук маселелерин олуттуу кабыл албай жатканында. Эгер НАТОго кирүү боюнча Анкаранын макулдугун алгысы келсе, Түркияда террордук уюм деп эсептелген топту коргоону токтотушу керек", — деди Алтун.
Макалада айтылгандай, Финляндиянын арызын канааттандыруу үчүн Түркия башка нерселер менен катар бул өлкөдөн баш паанек алган күрд саясий активисттерин Түркияга экстрадициялоону талап кылууда.
Маалыматка караганда, Финляндия Анкара менен бардык пикир келишпестиктерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү каалайт, бирок, сыягы, бул процесс тез бүтө калчудай эмес.


Булак: sputnik.kg