Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 73

Министрдин айтымында, Батыш колдогон Киев режими Россияга кооптуулук жаратуу үчүн көп жылдан бери даярдалып келгенин көрсөттү.

Украинадагы атайын операцияны жүргүзүү зарылдыгын РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Франция менен Бельгиянын, Улуу Британия менен Ирландиянын мисалында түшүндүрүп берди.
Лавров франциялык TF1 телеканалына интервью берген. Анын орусча тексти Россиянын ТИМинин сайтына жарыяланды.
Министрдин айтымында, Москва Батышты көп жылдан бери Украинаны Россияга каршы тукурбоого, Украинанын аймагы аркылуу РФке аскердик коркунуч жаратпоого, орус тилинин, билиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө бут тоспоого чакырып келген.

"Биз көп жылдан бери чек арабыздагы кооптуулук боюнча эскертүү берип келгенбиз, бирок аны эч ким уккан жок. Мисалы, Бельгия француз тилинде сүйлөөгө тыюу салса Франция муну кандай кабыл алат эле? Же болбосо Ирландия англис тилине тыюу салса Англия кантет эле? Финляндия швед тилине каршы чыкканын бир мүнөткө элестетип көргүлөчү. Европа үчүн бул акылга сыйгыс нерсе. Ал эми орус тилине келгенде Европага баары бир", — деди Лавров.

Ал Россия канча убакыттан бери Батышка үнүн жеткирүүгө аракет жасаганын жана атайын операция сөзсүз боло турчу нерсеге айланганын белгилеген. Кийинчерээк ал Франция менен Бельгиянын мисалын кайталаган.
"Бизге башка арга калтырбаган себептер болду. Украинада жашаган орус тилдүү адамдарды, орус тилин жана маданиятын неоулутчулдардан коргоого туура келди. Бельгия француз тилине тыюу салып койгонун элестетип көргүлө. Мындай учурда президент Макрон эмне кылат эле? Шайлоого барып шайлоочуларына буга көз жумуп коелу дейт беле? Күмөнүм бар", — деди ТИМ жетекчиси.

Лавровдун башка билдирүүлөрүн тезис менен беребиз.


Булак: ru.sputnik.kg