Түркиянын президенти Орусия жана Украина президенттери менен чогуу сүйлөшүүнү каалаганын бир нече жолу билдирген.
Дүйшөмбү күнү, 30-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусуз эки тараптуу форматта өтөт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Эрдогандын Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен боло турган сүйлөшүүсү тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.
«Эки тараптуу формат», - деди Песков «Интерфакс» агенттигине берген маегинде бул эки тараптуу сүйлөшүүбү же Зеленский менен үч тараптуу сүйлөшүүбү — тактоо өтүнүчүнө жооп жооп берип жатып.
Түркиянын президенти Орусия жана Украина президенттери менен чогуу сүйлөшүүнү каалаганын бир нече жолу билдирген. Акыркы жолу Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр 29-мартта Стамбулда болгон.
Булак: Баракелде