Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 70

Адис Москва Чыгыш мамлекеттери менен соода жүргүзүүгө тез ыкташып кеткенин белгилеген.

Адис Москва Чыгыш мамлекеттери менен соода жүргүзүүгө тез ыкташып кеткенин белгилеген. Алардын катарында Индия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү бар.
Россия экономикасын Азия рыногуна багыттоо менен АКШнын санкцияларынан айланып өттү. Бул тууралуу Al Quds Al Arabi гезитинин баяндамачысы Ибрагим Нуварга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адис Москва Чыгыш мамлекеттери менен соода жүргүзүүгө тез ыкташып кеткенин белгилеген. Алардын катарында Индия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү бар.

"Жогорудагы мамлекеттер менен соода алакасын тереңдетип Москва Батыш өлкөлөрүнө экспорттун кыскарышын компенсациялоого жетишти. Мындай өсүш арзандатуулар менен коштолсо дагы Россия уттурбайт, пайдасын гана көрөт. Анткени мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы Россия үчүн мурдагыдай эле пайда алып келе берет. Москва экспортунан пайда көрүп, рынокто улуттук валютанын баасын жогорулатып, АКШ санкцияларынан айланып өтүүдө", — деп жазган автор.

Журналист Россия нефтисинин Индияга сатылып жатканын мисал келтирген. Басылманын эсептөөсү боюнча, Москва экспортту төрт эсеге көбөйтө алган. Эми Россиянын кара алтыны Индиянын сатып алууларынын алты пайызын түзөт.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Кийинчерээк ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салып, анын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Күйүүчү май кымбаттап, Европа андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Каатчылык, кымбатчылыктан жөнөкөй эл жапа чегип, нааразы болууда.


Булак: sputnik.kg