Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 67

Учурда Украина Европа биримдигинин жообун күтүп жатат.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жаңы антироссиялык альянс түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү Corriere Della Sera гезитине шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
Маалыматка караганда, британ премьери Зеленскийге бул боюнча апрель айынын башында Киевде өткөн жолугушуу учурунда айткан.

"Жонсон Европа биримдигине альтернатива боло ала турган саясий, экономикалык жана аскердик союз түзүүнү каалайт. Анда Улуу Британия башында турган европалык коомчулукту түзгөн модель каралып жатат. Ага Украина, Польша, Эстония, Латвия жана Литвадан тышкары кийинчерээк Түркия да кошулушу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Киев бийлиги Жонсондун демилгесине азырынча жооп кайтара элек.
Макаланын автору Зеленский Евробиримдиктин 23-июнда боло турган саммитин күтүп жатканын, анда алар Украинага биримдикке кирүү үчүн талапкер статусун берер-бербеси боюнча чечим кабыл аларын жазган.
"Евробиримдиктин лидерлери кабыл алган чечим Киев Лондондун сунушуна кандай жооп берерине түздөн-түз таасир этет", — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен апрель айында Киевге болгон иш сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкета тапшырган. Ал бул документ "жакынкы айларда талкуулоо үчүн негиз" экенин баса белгилеген. Кийинчерээк Зеленский анкетанын толтурулган биринчи бөлүгүн Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мати Маасикаска тапшырганын айткан. Экинчи бөлүгү 10-майда өткөрүлгөн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын Евробиримдикке кошулуу процесси ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп эсептейт. Буга байланыштуу ал Украинаны өз катарына кабыл ала турган жаңы "Европалык саясий коомчулук" түзүүгө чакырган. Ошол эле учурда Польша президентинин аппаратынын эл аралык саясат бюросунун жетекчиси Якуб Кумоч бир катар Батыш өлкөлөрү Украинага Евробиримдикке кирүүгө талапкер статусун берүүгө тоскоол болуп жатканын билдирип келет.


Булак: sputnik.kg