Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 64

Үч ракетанын Пхеньяндагы Сунан аэропортунан учурулгандыгы айтылды.

Бул сыноолорго жооп иретинде Түштүк Кореянын аскерий адамдары АКШлык кесиптештери менен сүйлөшүп, эки ракета коё берген.
Түндүк Корея бийлиги Япон деңизи тарапка баллистикалык үч ракета учургандыгы айтылды. Бул тууралуу Ренхап агенттиги кабарлаган.
Үч ракетанын Пхеньяндагы Сунан аэропортунан учурулгандыгы айтылды. Түштүк Кореянын штаб начальниктеринин бириккен комитети алар болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:00, 6:37 жана 6:42де болгонун билдирген.
Япониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын биринчи ракетасынын бийиктиги 550 чакырым, учуунун узактыгы 300 чакырым экендигин айтты. Экинчи ракетанын бийиктиги 50 чакырымга, траектория боюнча 750 чакырымга жеткен. Экөө тең Япониянын экономикалык зонасынан сырткаркы аймакка түшкөнү кабарланды. Үчүнчү ракета боюнча маалыматтар такталып жатат.
Бул сыноолорго жооп иретинде Түштүк Кореянын аскерий адамдары АКШлык кесиптештери менен сүйлөшүп, эки ракета учурган.

"Биздин армия Түндүк Кореянын бүгүнкү чагымчыл иштерине жооп кылып... Elephant Walk окууларын өткөрдү, андан сырткары, Түштүк Корея менен АКШ күч түзүмдөрүнүн ракеталарын коё берди", — деп айтылган Түштүк Кореянын штаб начальниктеринин бириккен комитетинин билдирүүсүндө.

Япония бийлиги Түндүк Кореянын жаңы ракета учурганын сындап, нааразылыгы Пекиндеги элчилигине дипломатиялык каналдар аркылуу берилгенин айтты.

"Япония, АКШ, Австралия жана Индиянын саммитинен кийин ракеталардын учурулушу ачык эле жасалган чагымчылдык болуп эсептелет жана бул таптакыр жасалбай турган нерсе", — деген Япониянын коргонуу министри Нобуо Киси.
Ал эми премьер-министри Фумио Кисида Пхеньяндын бул учурууларынан кийин кемелердин коопсуздугун текшерүүнү тапшырган.

Жыл башынан бери Түндүк Кореянын мындай сыноолорду 16 ирет жасагандыгы айтылган. Анда континент аралык баллистикалык ракеталарды (МБР), суу алдындагы кайыктар үчүн баллистикалык ракеталарды, космостук спутниктердин системаларын жана өзөктүк куралдар үчүн тактикалык жаңы системаларды колдонгонун маалымдашты.
Бул мамлекет соңку ирет МБРди 4-майда учурган. Анда Япония өкмөтү маанилүү делген министрликтерден шашылыш кеңешүү тобун түзгөн эле.


Булак: sputnik.kg