Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 80

АКШ Тайвань аралына курал-жарак берип жатат.

Бул тууралуу АКШдагы маалымат каражаттары өз булактарына шилтеме берүү менен билдирди.
«The Washington Post» маалымат агенттиги жазгандай, Тайванды АКШнын курал-жарагы менен камсыздап, аралга андан башка дагы колдоо көрсөтүү пландалууда.
«The New York Times» жазгандай, АКШнын бийлиги Тайвандын коргонуу системасын Кытайдын кол салуусуна туруштук берүү үчүн чыңдагысы келет. Бул учурда Украинага курал-жарак ташуу тажрыйбасы колдонулуп жатат.
Ал эми Россиянын «РБК» маалымат агенттиги Тайвань жакында эле АКШдан курал-жарак жана учак сатып алганын жазды. Тайвань 1949-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бийлигине баш ийбейт. Бирок КЭР Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт. Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден эгерде Кытай Тайванга кол салса, АКШ Тайванга жардам берерин билдирген.

Булак: Баракелде