Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 80

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кармалгандарды жашы жете элек баланын өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан.

Алматы облусундагы таштанды таштоочу жайдан скелетке айланган денеси табылган кыздын (наристе) апасы менен агасы убактылуу кармоочу жайга камалганын КазТАГ Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
«Саркан шаарында төрт жашар майып кыздын өлүмүнө шектүү эки адамды кармоого уруксат берилди. Шектүүлөрдүн бири баланын апасы, экинчиси таякеси», - деп айтылат маалыматта.
Алгач кыздын 19 жаштагы апасы кыздын церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен жабыркап, тубаса акыл-эси артта калганын айтып, февраль айында бала катуу ооруп, капысынан каза болгонун билдирген. Кыздын сөөгүн шаардын четине алып чыгып, шектүүнүн 21 жаштагы агасы жерге берген.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кармалгандарды жашы жете элек баланын өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан. Кылмышка шектүүлөр кызды муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алып, жансыз денени шаардык карьерге жашыруун көмгөнүн билдирген.
Кармалгандардын экөөн тең камакка алуу чечимине Саркан райондук соту тарабынан санкция берилди», - деп билдиришти укук коргоо органдары.

Учурда кылмыш иши Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 3-бөлүгү («Адам өлтүрүү») боюнча тергелүүдө.
«Шектүүлөр камакта. Учурдагы мыйзамга ылайык, шектүүлөр мүлкүн конфискациялоо менен же конфискациялабай жыйырма жылдан өмүр боюга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», - деп кошумчалады полиция.

Булак: Баракелде